# 26-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр тарабынан сунушталуучу виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 26-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-26

---

1. Иштин төмөнкүдөй түрлөрү виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөр деп таанылат:

1) виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу);

2) виртуалдык активдердин ортосундагы алмашуу;

3) виртуалдык активдерди которуу;

4) виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо;

5) эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр.

2. Виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) боюнча иш виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) кызмат көрсөтүүлөрү деп таанылат.

3. Виртуалдык активдердин бир же бир нече түрлөрүн (формаларын) виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштыруу виртуалдык активдердин ортосундагы алмаштыруу кызмат көрсөтүүсү деп таанылат.

4. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр өзү же башка виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр аркылуу кардардын атынан жана кызыкчылыгында виртуалдык активдерди которуу (жылдыруу) виртуалдык активдерди которуу кызмат көрсөтүүсү деп таанылат.

5. Виртуалдык активдерди же виртуалдык активдерди контролдоого мүмкүндүк берүүчү инструменттерди жооптуу сактоо жана (же) администрлөө (башкаруу) виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо кызмат көрсөтүүсү деп таанылат.

Виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо үчүнчү жактардын кызыкчылыгында жана алардын атынан виртуалдык активдерди өз алдынча которуу мүмкүнчүлүгү менен виртуалдык активдердин жана (же) виртуалдык активдерди контролдоо инструменттеринин сакталышын камсыз кылууга тийиш. Виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мындай башкаруу же которуу виртуалдык актив ээсинин тапшырмасына ылайык аткарылса гана виртуалдык активдерди которот.

6. Эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана (же) аларды берүүгө катышуу виртуалдык активдерди жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп таанылат. Виртуалдык активдерди жайгаштырууга жана (же) сатууга байланыштуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү ишин жүзөгө ашырып жаткан виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү эмитенттин атынан, анын эсебинен жана кызыкчылыгында виртуалдык активдерди жайгаштырууга же сатууга тиешелүү бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-27)
