# 21-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну токтотуу, виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну ишке ашпаган же анык эмес катары таануу

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 21-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-21

---

Виртуалдык активдер эмиссиясы жана (же) ачык жайгаштыруу:

1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуулар, ошондой эле аларды четтетүү учуруна чейин виртуалдык активдер эмиссиясы жана (же) ачык жайгаштыруу жөнүндө анык эмес маалымат жарыялангандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан токтотулат;

2) эмиссиянын токтотулушуна алып келген бузуулар эмитент тарабынан четтетилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашпаган катары таанылат;

3) соттун тиешелүү чечими болгон учурда анык эмес катары таанылат.

Виртуалдык активдердин эмиссиясы ишке ашпаган же анык эмес катары таанылган учурда, бул чыгарылыштын бардык виртуалдык активдери жүгүртүүдөн алып салынууга тийиш, ал эми ишке ашпаган же анык эмес катары таанылган виртуалдык активдердин эмиссиясын жайгаштыруудан эмитент алган каражаттар алардын ээлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайтарылууга тийиш. Виртуалдык активдердин эмиссиясы ишке ашпаган же анык эмес катары таанууга жана алардын ээлерине каражаттарды кайтарууга тиешелүү чыгымдар эмитенттин эсебине кирет.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-22)
