21-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну токтотуу, виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну ишке ашпаган же анык эмес катары таануу
Күчүндө · 19.01.2026 редакциясы · 5-глава
Виртуалдык активдер эмиссиясы жана (же) ачык жайгаштыруу:
1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуулар, ошондой эле аларды четтетүү учуруна чейин виртуалдык активдер эмиссиясы жана (же) ачык жайгаштыруу жөнүндө анык эмес маалымат жарыялангандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан токтотулат;
2) эмиссиянын токтотулушуна алып келген бузуулар эмитент тарабынан четтетилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашпаган катары таанылат;
3) соттун тиешелүү чечими болгон учурда анык эмес катары таанылат.
Виртуалдык активдердин эмиссиясы ишке ашпаган же анык эмес катары таанылган учурда, бул чыгарылыштын бардык виртуалдык активдери жүгүртүүдөн алып салынууга тийиш, ал эми ишке ашпаган же анык эмес катары таанылган виртуалдык активдердин эмиссиясын жайгаштыруудан эмитент алган каражаттар алардын ээлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайтарылууга тийиш. Виртуалдык активдердин эмиссиясы ишке ашпаган же анык эмес катары таанууга жана алардын ээлерине каражаттарды кайтарууга тиешелүү чыгымдар эмитенттин эсебине кирет.
Берененин тексти 19.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112346/st-21" title="21-берене - Виртуалдык активдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>