# 18-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана ачык жайгаштыруу

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 января 2026 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О виртуальных активах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038536)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346#diff=35683..45021>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 18-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-18

---

1. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана ачык жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:

1) инвестицияларды жана зайым каражаттарын тартуу;

2) менчик ээсинин мүлккө укуктарын эсепке алууну, алмаштырууну жана күбөлөндүрүүнү камсыз кылуу.

2. Виртуалдык активдердин эмиссиясын, баштапкы жайгаштырууну жана жүгүртүүнү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартиби, шарттары жана талаптары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Дагы караңыздар: Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтому менен бекитилди)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-19)
