# 12-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө юридикалык жана жеке жактардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 12-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-12

---

1. Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) виртуалдык активдерге ээ болууга, пайдаланууга жана тескөөгө, анын ичинде виртуалдык активдерди виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштырууга, ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте виртуалдык активдерди сатып алууга же сатууга;

2) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте майнингди жүзөгө ашырууга;

3) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте виртуалдык активдерди колдонуу менен башка ишти жүзөгө ашырууга.

Юридикалык жактар ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө өздүк виртуалдык активдерди чыгарууга жана жайгаштырууга укуктуу.

2. Юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;

2) виртуалдык активдер менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды жана отчеттуулукту ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте берүүгө.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-13)
