# 11-берене. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 января 2026 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О виртуальных активах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038536)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346#diff=35683..45021>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 11-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-11

---

1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары жана ыйгарым укуктары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү жөнгө салынуучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарга, виртуалдык активдер менен байланышкан кызматтардын көрсөтүлүшүнө көзөмөлдү, контролду, анын ичинде лицензиялык контролду жана мониторингди жүзөгө ашырат;

2) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун), терроризмди каржылоонун алдын алуу боюнча талаптардын сакталышына жана санкциялык мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзөт;

3) виртуалдык активдер рыногунун абалы жана көрүлгөн көзөмөл чаралары жөнүндө ар жылдык отчетторду даярдайт жана расмий сайтка жарыялайт;

4) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү, анын ичинде виртуалдык активдер менен байланышкан блокчейн-талдоо операцияларынын инструменттерин ишке киргизүү боюнча талаптагыдай көзөмөлдөө механизмдерин ишке киргизет жана колдонот;

5) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү жөнгө салынуучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардан отчетторду жана маалыматтарды кабыл алат, ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын алкагында суроо-талаптарды жөнөтөт жана көрсөтүлгөн субъекттерден зарыл маалыматтарды жана материалдарды алат;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өзүнүн көзөмөлдөө жана контролдоо ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды жана милдеттерди жүзөгө ашырат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-12)
