# 29-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112344)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112344/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3132/edition/1122396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112344/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 29-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112344/st-29

---

1. Лицензия берүүчү лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну төмөнкүдөй учурда токтотуп турат:

1) лицензиялык талаптар бир жылдын ичинде үч жолу бузулганда;

2) лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды лицензия алуучу бузгандыгы белгиленген мөөнөттө жоюлбаганда;

3) лицензия алуучу маалыматтары анык эмес документтерди бергендигинин фактылары аныкталганда;

4) лицензия алуучу адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптарды бузганда.

Лицензиялык талаптардын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ушул бөлүктүн 1-4-пункттарында каралган учурларда лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу бузуунун себептери жоюлганга чейин токтотулуп турат. Лицензия алуучу ушул бөлүктүн 1-4-пункттарында каралган бузууларды токсон календардык күндүн ичинде жоюуга милдеттүү.

2. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды ал жойгондугу жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

3. Лицензияны колдонуу мөөнөтү аны колдонуу токтотулуп турган мезгилге узартылбайт.

4. Эгерде лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды белгиленген мөөнөттө жойбосо, лицензия жана (же) уруксат ушул Мыйзамдын 32-беренесинде каралган тартипте жокко чыгарылат.

5. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.";

13) 31-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу

1. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө арызы менен кайрылганда;

2) лицензия алуучунун иши токтотулганда;

3) юридикалык жак жоюлганда;

4) жеке жак белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылганда же ал каза болгондо;

5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

6) иштин айрым түрү иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен алып салынганда;

7) аларды жүзөгө ашырууга лицензия жана (же) уруксат берилген иш-аракеттерди, операцияларды толук көлөмдө жүргүзгөндө;

8) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.

2. Лицензиялоочу органдын лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө чечими лицензия алуучуга ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жеткирилет.

3. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу лицензиялоочу орган лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып, же болбосо лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.";

14) 33-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112344/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112344/st-2)
