# 79-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3131/edition/1121217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112343/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 79-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-79

---

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:

1) аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгышат жана ишке ашырууну камсыз кылышат;

2) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүшөт жана жергиликтүү кеңештер бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылышат;

3) жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду жергиликтүү кеңештердин кароосуна беришет;

4) жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүзөгө ашырышат;

5) жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча бюджеттик ссудаларды/насыяларды берүүнү/тартууну жүзөгө ашырышат;

6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча бюджеттик табыштаманы жана бюджет аралык трансферттерди алуунун зарылдыгы жөнүндө негиздемени даярдашат, алардын пайдаланылышы боюнча отчеттуулукту, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетту жана башка маалыматты беришет;

7) бул каражаттарды алуучулар боюнча бюджеттер аралык трансферттердин максаттуу пайдаланылышынын натыйжалуулугун камсыз кылышат;

8) жергиликтүү кеңештер менен биргеликте жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурушат жана өткөрүшөт;

9) ушул Кодекстин жоболорунда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.";

29) 80-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү болжолунун жана Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын негизинде жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлөт.";

30) IX бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-глава менен толукталсын:

"17-1-глава. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-78)  
Кийинки берене: [81-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-81-1)
