# 78-берене. Жергиликтүү кеңештердин компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3131/edition/1121217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112343/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 78-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-78

---

Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:

1) аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын кабыл алышат жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырышат;

2) жергиликтүү бюджеттин негизги жана артыкчылыктуу багыттарын аныкташат;

3) муниципалдык карыздын чектик көлөмүн жана ага өзгөртүүлөрдү кошуп алганда, жергиликтүү бюджетти бекитишет;

4) жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты угушат жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитишет;

5) ушул Кодекстин жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, бюджеттик ссудаларды жана максаттуу трансферттерди берүү/тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алышат;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен биргеликте жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурушат жана өткөрүшөт;

7) ушул Кодекстин жоболорунда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-79)
