# 75-берене. Мамлекеттик органдардын бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатындагы компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3131/edition/1121217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112343/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 75-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-75

---

Мамлекеттик органдар бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) өнүгүүнүн тармактык (сектордук) стратегиясын/программасын иштеп чыгат;

2) сектор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегиясын иштеп чыгат жана бекитет;

3) ведомствонун, анын ичинде анын ведомстволук караштуулуктагы мекемелеринин бюджетин түзөт жана аткарат;

4) өздөрүнүн ведомстволук караштуулуктагы мекемелеринин бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча ишин координациялайт жана уюштурат;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча ведомствонун бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттуулукту жана башка маалыматты даярдайт жана берет;

6) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана ресурстардын администраторлорунун реестрине ылайык бюджет ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткарат;

7) өз ишинин чөйрөсүндө ведомстволук каржылык контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат;

8) бекитилген бюджеттик ассигнованиелерге жана бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерине ылайык бюджеттик каражаттардын майнаптуулугун, натыйжалуулугун жана аткарылышынын даректүүлүгүн камсыз кылат;

9) ведомствонун жана ведомстволук караштуулуктагы бюджеттик мекемелердин милдеттенмелери боюнча жооп берет;

10) бюджеттик чыгашалардын стратегияларынын долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт;

11) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-76)
