# 73-берене. Улуттук банктын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3131/edition/1121217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112343/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 73-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-73

---

Улуттук банк бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) акча-насыя саясатын аныктайт жана Министрлер Кабинети менен өз ара аракетте аны жүзөгө ашырат;

2) Бирдиктүү казыначылык эсепте турган Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин каражаттарын тейлейт;

3) ал процесстерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түздөн-түз катышуусунун камсыз кылуу менен, корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары чыгуу укугу менен, Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм тутумдарына түздөн-түз катышуучу катары катышат;

4) Министрлер Кабинетинин каржы агенти болуп саналат;

5) республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Министрлер Кабинетине консультация берет;

6) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана республикалык бюджет жөнүндө, аларга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдардын долбоорлоруна жана өткөн жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко карата корутундуларды алар Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңешке киргизет;

7) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-74)
