# 72-берене. Эсептөө палатасынын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3131/edition/1121217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112343/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 72-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-72

---

Эсептөө палатасы бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) каржылык аудитти жана натыйжалуулук аудитин жүргүзүүдө төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:

а) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин жана бухгалтердик отчеттуулуктун аткарылышына;

б) мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча ресурстардын администраторлорунун ишине;

в) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын абалына жана башкарылуусуна;

г) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти башкарууга;

д) мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү бар ишканалардын жана уюмдардын ишине;

е) бюджеттик каражаттарды алуучулардын - менчик же менчиктин башка түрүндөгү юридикалык жактардын берилген бюджеттик каражаттарга карата ишине;

ж) Улуттук банктын Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгына;

з) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин тейлөө бөлүгүндө коммерциялык банктарды жана башка насыялык-каржы мекемелерди;

и) бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышына;

2) республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторго карата корутундуларды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен берет;

3) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды Жогорку Кеңешке киргизет;

4) бюджеттик мыйзамдардын жана каржылык тартиптин табылган бузууларын четтетүү боюнча аткарууга карата милдеттүү болгон жазма эскертүүлөрдү жиберет;

5) ушул Кодекстин 93-беренесинин жоболоруна ылайык бюджеттин долбоорун түзөт;

6) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-73)
