# 70-берене. Министрлер Кабинетинин компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3131/edition/1121217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112343/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 70-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-70

---

Министрлер Кабинети бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жана кабыл алуусуна берет жана анын аткарылышын камсыз кылат;

2) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчетту Жогорку Кеңештин кароосуна берет;

3) тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

4) экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;

5) бюджеттик-каржылык, инвестициялык саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) Кыргыз Республикасына берилген тышкы жардамдарды жана түздөн-түз инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;

7) Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча тышкы жардамдарды жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу программаларынын долбоорлорун карайт жана жактырат;

8) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын кабыл алат;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-71)
