# 69-берене. Жогорку Кеңештин компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3131/edition/1121217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112343/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 69-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-69

---

Жогорку Кеңеш бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) төмөнкү мыйзамдарды кабыл алат:

а) кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге республикалык бюджет жөнүндө, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

б) кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге Социалдык фондун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

в) Кыргыз Республикасынын өзгөчө бюджети жөнүндө;

2) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун угат;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-70)
