69-берене. Жогорку Кеңештин компетенциясы
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы · 15-глава
Жогорку Кеңеш бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) төмөнкү мыйзамдарды кабыл алат:
а) кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге республикалык бюджет жөнүндө, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
б) кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге Социалдык фондун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
в) Кыргыз Республикасынын өзгөчө бюджети жөнүндө;
2) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун угат;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
69-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112343/st-69" title="69-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>