43-3-берене. Турукташтыруу фондун пайдалануу
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы
1. Турукташтыруу фондунун каражаттары төмөнкүлөргө чыгымдалат:
1) кечиктирилгис чечүүнү талап кылган мамлекеттик экономикалык программаларды ишке ашырууга;
2) негизги фонддорду түзүүгө, көбөйтүүгө, жаңылоого, модернизациялоого;
3) экономика тармактарын өнүктүрүүгө;
4) экономика кескин начарлаган жана бюджеттин кирешелери кыскарган учурда республикалык бюджеттин кирешелеринин корголгон беренелерин каржылоого.
2. Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартиби Президент тарабынан аныкталат.
3. Турукташтыруу фондунун каражаттарын пайдалануу тууралуу маалымат жыл сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.";
18) 50-беренеде:
а) "Республикалык бюджеттен" деген сөздөр "1. Республикалык бюджеттен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Министрлер Кабинети жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга түзүү жана аткаруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу обочолонгон бюджеттердин алкагында айрым жалпы мамлекеттик чыгашаларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берүүгө укуктуу.";
19) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 50-1-берене менен толукталсын:
"50-1-берене. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарга жана жарандык коомдун башка институттарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү чыгашалары
1. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарды жана жарандык коомдун башка институттарын мамлекеттик колдоого чыгашалар Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипке ылайык, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, мамлекеттик гранттар жана социалдык тапшырык формасында жүргүзүлөт.
2. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарды жана жарандык коомдун башка институттарын мамлекеттик колдоого каражаттарды пайдалануу тууралуу маалымат жыл сайын тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарына жарыяланууга тийиш.";
20) 54-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"54-берене. Теңдештирүүчү трансферттер
1. Теңдештирүүчү трансферттер - жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана керектөөлөрүнүн деңгээлдеринин ортосундагы каржылык айырманы жабуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.
2. Теңдештирүүчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
21) 55-берененин 2-бөлүгүндө:
а) "бюджеттен" деген сөздөн кийин "жергиликтүү бюджеттерге" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруу боюнча иш-чараларды каржылоого;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) райондук маанидеги шаарларды өнүктүрүүгө, аларды берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
22) 57-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бюджеттик ссуда - кайтарымдуу, мөөнөттүү жана пайызсыз негизде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке же бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке бөлүнүүчү каражаттар. Бюджеттик ссудалар 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Бюджеттик ссудалар жергиликтүү бюджеттердин каржылык кыйынчылыктарында берилет. Бюджеттик ссудаларды берүү боюнча өз ара мамилелер тийиштүү келишимдер жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.";
23) 58-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4) экономиканы өнүктүрүү жана инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоо;
5) коммерциялык жана коммерциялык эмес ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардын алдындагы бюджеттик милдеттенмелерди жабуу.";
24) 59-берененин 4-бөлүгүндө "эки болжолдонгон мезгилге" деген сөздөр "пландуу мезгилге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25) 62-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Жогорку Кеңеш тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 63-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63-берене. Мамлекеттик кепилдиктер Мамлекеттик кепилдик Министрлер Кабинети насыя берүүчүлөрдүн алдында эл аралык келишимдерде каралган белгиленген мөөнөттөрдө кепилдик субъекти тарабынан төлөнбөгөн карыздарды төлөп берүүгө милдеттенме алган келишимге ылайык жана эл аралык жана мамлекеттер аралык уюмдардагы мүчөлүгүнүн алкагындагы милдеттенмелер боюнча берилет. Кыргыз Республикасы мамлекеттик кепилдиктерди Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берет.";
27) 67-берене "тейлөө боюнча" деген сөздөрдөн кийин "ар жылдык" деген сөздөр менен толукталсын;
28) VIII бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"VIII бөлүм. БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕССТИН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112343/st-43-3" title="43-3-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>