# 43-1-берене. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-43-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3131/edition/1121217/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 43-1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-43-1

---

Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду (мындан ары - Турукташтыруу фонду) - Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн, сактык жана турукташтыруу функцияларын ишке ашыруучу бюджеттен тышкаркы фонд. Сактык функциясы материалдык эмес активдерди кошпогондо, каржылык активдердин жана башка мүлктүн топтолушун жана тобокелчиликтин орточо деңгээлинде узак мөөнөттүү келечекте Турукташтыруу фондунун активдеринин кирешелүүлүгүн камсыз кылат. Турукташтыруу функциясы Турукташтыруу фондунун активдеринин талаптагыдай өтүмдүүлүк деңгээлин колдоо үчүн арналган.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-1)  
Кийинки берене: [43-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-43-2)
