# 124-берене. Бюджеттердин мамлекеттик тышкы аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3131/edition/1121217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112343/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 124-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-124

---

Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруунун жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануунун тышкы аудити Эсептөө палатасы тарабынан жүзөгө ашырылат: жыл сайын - республикалык бюджетти жана Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин аткаруу жана мамлекеттик менчикти пайдалануу; эки жылда бир жолудан кем эмес - жергиликтүү бюджеттерди аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу. Аудиттин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланууга тийиш.";

55) 130-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Каржылык тартипти бузуу фактылары аныкталган учурда Эсептөө палатасы, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Президентке, Жогорку Кеңешке, Министрлер Кабинетине, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү жетекчилерине мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартипти бузууга жол берген күнөөлүү кызмат адамдарын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштарды киргизет.";

56) 131-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "болжолдонуучу" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-123)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-2)
