124-берене. Бюджеттердин мамлекеттик тышкы аудити
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы · 16-глава
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруунун жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануунун тышкы аудити Эсептөө палатасы тарабынан жүзөгө ашырылат: жыл сайын - республикалык бюджетти жана Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин аткаруу жана мамлекеттик менчикти пайдалануу; эки жылда бир жолудан кем эмес - жергиликтүү бюджеттерди аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу. Аудиттин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланууга тийиш.";
55) 130-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Каржылык тартипти бузуу фактылары аныкталган учурда Эсептөө палатасы, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Президентке, Жогорку Кеңешке, Министрлер Кабинетине, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү жетекчилерине мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартипти бузууга жол берген күнөөлүү кызмат адамдарын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштарды киргизет.";
56) 131-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "болжолдонуучу" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
124-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112343/st-124" title="124-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>