# 121-берене. Ички контроль

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3131/edition/1121217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112343/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 121-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-121

---

1. Ички контроль - тиешелүү уюм тарабынан иш максаттарын аткарууну, тобокелдиктерди башкарууну, ишенимдүү жана так отчет берүүнү, мыйзамдарды жана эрежелерди сактоону камсыз кылууга багытталган мамлекеттик башкаруу секторунун органдары тарабынан ишке ашырылуучу үзгүлтүксүз процесс.

2. Мамлекеттик башкаруу секторунун ар бир органы өз талаптарына жана өзгөчөлүктөрүнө жооп берген өзүнүн ички контроль тутумун иштеп чыгат, ички контролдун иштешин камсыз кылат.

3. Мамлекеттик башкаруу секторунун органдарынын ички контроль тутуму ички жана тышкы аудит тарабынан бааланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-122)
