# 120-берене. Мамлекеттик ички контроль тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3131/edition/1121217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112343/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 120-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-120

---

1. Мамлекеттин ресурстарын үнөмдүү, майнаптуу, натыйжалуу жана мыйзамдарды сактоо принциптеринин негизинде башкарууга көмөктөшүү максатында мамлекеттик ички контроль тутуму түзүлөт.

2. Мамлекеттик ички контроль тутуму ички контролдон, ички аудиттен жана алардын шайкештигинен турат.

3. Мамлекеттик башкаруу секторунун органдарынын жетекчилери алар башкарган бардык түзүмдөрдө, программаларда, операцияларда жана процесстерде ички контроль тутумунун иштөөсү үчүн жоопкерчилик тартышат.

4. Мамлекеттик ички контроль тутуму Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [81-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-81-1)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112343/st-121)
