# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112342/edition/1241167/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112342/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 6-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-6

---

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11 -берене төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:

"виртуалдык актив - бул наркы бар, баалуулуктардын санариптик туюнтмасы жана (же) мүлктүк жана (же) мүлктүк эмес укуктарды күбөлөндүрүүчү каражат болуп саналган электрондук-санариптик формадагы маалыматтардын жыйындысы, ал бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологияларын же ушуга окшош технологияларды пайдалануу менен түзүлөт, сакталат жана жүгүртүлөт жана акча бирдиги (валюта), төлөм каражаты жана баалуу кагаз болуп саналбайт; виртуалдык активди сатуу - виртуалдык активди улуттук же чет өлкөлүк валютага алмаштыруу. Бир виртуалдык активди башка виртуалдык активге алмаштыруу аны сатуу болуп таанылбайт.";

2) 241-берененин 3-пунктунда:

а) биринчи абзацтагы "беш" деген сөз "он төрт" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) төртүнчү абзацтагы "он күндөн кечиктирбестен" деген сөздөрдөн кийин ", же болбосо сатуучу кайтарылган товарды алган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр менен толукталсын;

в) пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"Сатуучу кайтарылып берилген товарды алган датаны ырастоосу болуп товарды өткөрүп берүү жөнүндө почта же чабарман кызматынын белгилөөсү саналат. Дистанттык ыкмада сатып алынган товарларды кайтаруу менен байланышкан чыгымдарды сатуучу көтөрөт.".

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-7)
