6-берене
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы
6-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 6-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11 -берене төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"виртуалдык актив - бул наркы бар, баалуулуктардын санариптик туюнтмасы жана (же) мүлктүк жана (же) мүлктүк эмес укуктарды күбөлөндүрүүчү каражат болуп саналган электрондук-санариптик формадагы маалыматтардын жыйындысы, ал бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологияларын же ушуга окшош технологияларды пайдалануу менен түзүлөт, сакталат жана жүгүртүлөт жана акча бирдиги (валюта), төлөм каражаты жана баалуу кагаз болуп саналбайт; виртуалдык активди сатуу - виртуалдык активди улуттук же чет өлкөлүк валютага алмаштыруу. Бир виртуалдык активди башка виртуалдык активге алмаштыруу аны сатуу болуп таанылбайт.";
2) 241-берененин 3-пунктунда:
а) биринчи абзацтагы "беш" деген сөз "он төрт" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзацтагы "он күндөн кечиктирбестен" деген сөздөрдөн кийин ", же болбосо сатуучу кайтарылган товарды алган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр менен толукталсын;
в) пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Сатуучу кайтарылып берилген товарды алган датаны ырастоосу болуп товарды өткөрүп берүү жөнүндө почта же чабарман кызматынын белгилөөсү саналат. Дистанттык ыкмада сатып алынган товарларды кайтаруу менен байланышкан чыгымдарды сатуучу көтөрөт.".
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112342/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>