# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112342/edition/1241167/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112342/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 5-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 176-статьянын 1-пунктунда:

а) биринчи абзацтагы "өз" деген сөз алып салынсын;

б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Бүтүмдүн жазуу түрүндөгү формасы жак тарабынан бүтүмдүн мазмунун өзгөрүлбөгөн түрдө материалдык алып жүрүүчүгө кайра жазууга мүмкүндүк берген электрондук же болбосо башка техникалык каражаттардын жардамы менен бүтүм жасалган учурда да сакталган болуп эсептелет, мында кол тамганын болушу жөнүндө талап, эгерде эркин билдирген адамды так аныктоого мүмкүндүк берген ар кандай ыкма пайдаланылса, аткарылды деп эсептелет. Мыйзамда, башка укуктук ченемдик актыларда жана тараптардын макулдашуусунда эркин билдирген адамды ишенимдүү аныктоонун атайын ыкмалары каралышы мүмкүн.".

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-6)
