# 13-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112342/edition/1241167/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112342/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 13-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-13

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 228-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бөтөн корголуучу компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге укукка каршы жетүү, аны жок кылуу, бөгөт коюу, модификациялоо же көчүрүү, жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды жайылтуу менен коштолсо, - ";

2) 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2281-берене менен толукталсын:

"2281-берене. Жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бузуу Электрондук документтерди, жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды коргоону уюштуруу боюнча талаптарды бузуу, ошого тете мындай маалыматты укукка каршы колдонуу, үчүнчү жактарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана берүү, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

3) 284-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттарын колдонуу менен жасалган ошол эле жосун, - жеке жактарга - 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

4) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2861-берене менен толукталсын:

"2861-берене. Электрондук соода жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу Электрондук соода жаатындагы иштин кандай болбосун түрүн жүзөгө ашыруу эрежелерин бузуу, - эскертүү берүүгө же жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

5) 299-беренеде:

а) биринчи абзацтагы "Мыйзамдарда" деген сөз "1. Мыйзамдарда" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттарын пайдалануу менен жасалган ошол эле жосун, - жеке жактарга - 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

6) 404-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "маалымдоо каражаттарын" деген сөздөрдөн кийин "же маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттарын" деген сөздөр менен толукталсын;

7) 456-берене "228," деген цифрадан кийин "228-1," деген цифра менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-14)
