# 11-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112342/edition/1241167/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112342/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 11-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-11

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 319-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"319-берене. Компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге, маалымат тутумуна же электр байланыш тармагына cанкцияланбаган жеткиликтүүлүк

1. Бөтөн корголуучу компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге, маалымат тутумуна же электр байланыш тармагына маалыматты жок кылууга, бөгөт коюуга, өзгөртүүгө алып келген, ошого тете маалыматты иштеп чыгуу түзүлүштөрүн бузууга же ишин токтотууга алып келген, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген санкцияланбаган жеткиликтүүлүк, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) этиятсыздыктан ири зыян же башка оор залал келтирүү менен;

3) опурталдуу маалыматтык инфратүзүмгө тиешелүү болгон маалымат тутумдарына же электр байланыш тармактарына карата, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Компьютердик маалыматты же электрондук документти атайылап жок кылуу, өзгөртүү, бөгөт коюу, жараксыз абалга келтирүү же болбосо маалымат системаларын же электр байланыш тармактарын иштен чыгаруу, бузуу максатында жасалган, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, төмөнкүлөр жасаган жосун:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) ири зыян же башка оор залал келтирүү менен;

3) опурталдуу маалымат инфратүзүмүнө тиешелүү болгон маалымат тутумдарына же электр байланыш тармактарына карата, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен, же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

2) 320-беренеде:

а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Программалык продуктуну пайдалануу, же болбосо жайылтуу максатында түзүү же компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге санкцияланбаган жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашыруу жана көчүрүү, жок кылуу, бөгөт коюу, өзгөртүү же маалыматтык коргоо каражаттарын нейтралдаштыруу, маалымат тутумдарынын же электр байланыш тармагынын ишин бузуу үчүн алдын ала багытталган иштеп жаткан программалык продуктуларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошого тете ири залал же башка оор зыян келтирүүгө алып келүүчү мындай программалык продуктуларды атайылап пайдалануу жана жайылтуу, - ",

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3) опурталдуу маалыматтык инфратүзүмгө тиешелүү маалымат тутумдарына жана электр байланыш тармактарына карата, -".

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112342/st-12)
