# 98-берене. Эсепке алуу документтерин түзүү жана сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 98-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-98

---

1. Эсепке алуу документтери салык милдеттенмесин аныктоо үчүн негиз болуп саналуучу баштапкы документтерди, бухгалтердик эсептин регистрлерин жана башка документтерди камтыйт.

2. Эсепке алуу документтери кагаз түрүндө жана/же электрондук алып жүрүүчүлөрдө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген тиешелүү салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү өткөнгө чейин сакталат, бирок ал ушул Кодексте белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнөн кем болбойт.

3. Баштапкы документтер жана бухгалтердик эсептин регистрлери салык төлөөчү тарабынан мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт.

4. Чет тилде түзүлгөн башка эсепке алуу документтери бар болсо, салык органынын талабы боюнча салык төлөөчү мындай документтерди мамлекеттик же расмий тилге которууну камсыз кылууга милдеттүү.

5. Салык төлөөчү өзгөртүп кайра түзүлгөн учурда кайра түзүлгөн уюмдун эсепке алуу документтерин сактоо боюнча милдеттенме анын укук улантуучусуна жүктөлөт.

6. Уюм жоюлганда, ошондой эле жеке ишкердин иши токтотулган учурда мамлекеттик реестрден чыгарылгандан кийин эсепке алуу документтери, мамлекеттик архивге тапшырылууга тийиш болгон документтерди кошпогондо, жок кылынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-99)
