# 97-берене. Салык кызматынын органынын чечимин жана башка документтерин салык төлөөчүгө тапшыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 97-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-97

---

1. Ушул беренеде каралган чечимдер жана башка документтер:

1) салык төлөөчүнүн экономикалык иштерди жүзөгө ашырган акыркы дареги боюнча же Кыргыз Республикасындагы анын акыркы катталган дареги боюнча же салык отчетторунда көрсөтүлгөн дарек боюнча же салык төлөөчүнүн салык өкүлүнө жекече кол койдуруу же анын алынган фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен жеткирилет;

2) салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө салык органында жекече кол койдуруу менен берилет;

3) эгерде ушул бөлүктө башкасы каралбаса, салык төлөөчүнүн электрондук документ түрүндө корреспонденцияны алууга макулдугу болгондо ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү башка маалыматтык тутумдары аркылуу электрондук документ түрүндө жеткирилет.

(Абзац КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 1-1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ушул беренеде каралган чечимдердин жана башка документтердин формалары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. 1-2. Электрондук документ түрүндөгү кат-кабарларды алууга салык төлөөчүнүн макулдугусуз ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму же башка маалымат тутумдары аркылуу төмөнкүлөр жиберилиши мүмкүн:

1) салык төлөөчү тааныган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү;

2) камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечим;

3) көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим;

4) мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө салык кызматынын органынын билдирүүсү;

5) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим;

6) салык карызынын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө шарттарын бузууну четтетүү жөнүндө;

7) салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө.

2. Чечим же документ төмөнкүдөй учурларда тапшырылган болуп эсептелет:

1) эгерде почта аркылуу буюртма кат менен тапшыруу жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн буюртма катты алган же алуудан баш тарткан датага карата жөнөтүлсө;

2) эгерде электрондук документ түрүндө электрондук документ жөнөтүлгөн учурдан тартып 5 календардык күндөн кийин жөнөтүлсө.

2-1. Салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместиги аныкталгандыгы жөнүндө билдирүү жана камералдык текшерүүнүн маалымкаты же камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечим салык отчеттуулугунда салык төлөөчү тарабынан көрсөтүлгөн акыркы расмий дарек боюнча тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен салык төлөөчүгө почта аркылуу буюртма кат менен жиберилген жана бул салык төлөөчү табылбаган учурда жиберилген жогоруда белгиленген билдирүү жана чечим кайтаруу жөнүндө документте көрсөтүлгөн кайтарылган буюртма катты салык органы алган датага карата тапшырылды деп эсептелет.

3. Чечимдер же документтер ушул Кодекске каршы келбеген, ушул Кодекстин талаптарына жооп берген жана ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүгө тапшырылган учурда гана өз күчүндө болот.

4. Чечим же билдирүү ушул Кодексте көрсөтүлгөн талаптар сакталбаганда, ал тургай салык төлөөчүгө чечим же билдирүү жөнүндө белгилүү болсо да жарактуу же күчкө ээ деп эсептелбейт. Салык төлөөчүгө чечимди талаптагыдай тапшыруу фактысынын далили салык кызматынын органынын милдети болуп саналат.

5. Бузуу аныкталган учурда ыйгарым укуктуу салык органынын бул чечимдин негиздүүлүгү жөнүндө чечими болбосо, салык кызматынын органы өзүнүн чечимин жокко чыгарууга укуктуу.

Бузуу аныкталган учурда ыйгарым укуктуу салык органы, эгерде бул чечимдин негиздүүлүгү жөнүндө соттун чечими жок болсо, даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча өзүнүн чечимин жокко чыгара алат.

6. Салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө төмөнкүдөй чечимдер берилет:

1) каттоодон баш тартуу жөнүндө;

2) салыктык каттоону жокко чыгаруу жөнүндө;

3) көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;

4) камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;

5) салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө;

6) салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча;

7) көчмө текшерүүнү дайындоо жана/же узартуу жана/же токтотуп туруу, жана/же жандандыруу жөнүндө;

8) салык төлөөчү тарабынан текшерилүүчү документтерди берүү жөнүндө;

9) салык төлөөчүнүн депозити жөнүндө;

10) салык карызынын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу/бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө;

11) салык карызынын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө шарттарын бузууну четтетүү жөнүндө;

12) салык отчетторун берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө;

13) салыктардын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлүп алынган суммаларын салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык карызынын эсебине жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин аткаруу эсебине чегерүү жөнүндө;

14) салык кызматынын органы өз алдынча өндүргөн салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү жөнүндө;

15) КНСтин ашыкча төлөнгөн суммасынын ордун толтуруу/кайтарып берүү тууралуу же ордун толтуруудан/кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө;

16) эсеп-фактураны жараксыз деп таануу жөнүндө;

17) салык кызматынын органынын мурда кабыл алынган чечимин жокко чыгаруу жөнүндө;

18) КНСтин ашыкча төлөнгөн суммасынын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана түзүлгөнүн камералдык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө;

19) уюмду жоюуда же жеке ишкердин ишин токтотууда изилдөө материалдарын карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө;

20) салык милдеттенмесинин эсептелген же азайтылган суммасы жөнүндө;

21) товарларды баштапкы документтери жок сатып алгандыгы үчүн салык санкциясын колдонуу жөнүндө;

22) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты колдонуу жөнүндө же колдонуудан баш тартуу жөнүндө;

23) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты колдонуу жөнүндө же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу;

24) салык органынын депозиттик эсебинен салыктар боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине акча каражаттарын которуу же баш таруу жөнүндө;

25) Министрлер Кабинети же ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу башка чечимдер.

7. Салык төөлөөчүгө же анын салык өкүлүнө төмөнкү документтер тапшырылат:

1) көчмө текшерүүнүн материалдарын кароо убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо;

2) жер участогунун, мүлк объекттин физикалык өлчөөсүнүн датасы жана убактысы жөнүндө кабарлоо;

3) камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндө дал келбестиктер аныкталгандыгы жөнүндө кабарлоо;

4) салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын аткарууну камсыздоо жөнүндө кабарлоо;

5) мүлккө салыкты эсептөө жөнүндө кабарлоо.

8. Салык кызматынын органдары өз милдеттерин аткаруу максатында төмөнкү чечимдерди чыгарып жана тийиштүү субъекттерге бере алат:

1) мүлктү ишенимдүү башкарууну ишке ашырган камкорчуга, көзөмөлчүгө же башкаруучуга, ошондой эле үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо боюнча органга - дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке жактын салык милдеттенмеси аткарылгандыгы жөнүндө;

2) банкка - текшерилүүчү салык төлөөчүнүн эсептери менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле анын эсебинен учурдагы абалы жөнүндө маалымат берүү жөнүндө;

3) үчүнчү жактарга - салык төлөөчүнүн дарегине же анын тапшырмасы боюнча акчалай төлөмдөрдү токтотуу талабын коюу жөнүндө;

4) экспертке жана салык төлөөчүгө - экспертиза жүргүзүү жөнүндө.

Ушул Кодексте каралган учурларда, каза болгон жеке жактын салык карызынын бар экендиги жөнүндө кабарлоо мурас ачылган жердеги нотариуска жана мураскорго жөнөтүлүшү мүмкүн.

9. Ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 20-пунктунун "д" пунктчасында, ошондой эле 72-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ушул Кодексте каралган чечимдер салык төлөөчү тарабынан ушул Кодекстин 20-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

Ушул Кодексте каралган башка документтер, анын ичинде кабарлоо, жазма буйруктар, актылар даттанылбайт.

10. Бул берененин жоболору кылмыш-жаза, кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын аталган чөйрөдөгү башка ченемдик актыларына ылайык кабыл алынган чечимдерге кирбейт.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-98)
