# 94-берене. Бюджетке туура эмес төлөнгөн салыктын суммасын эсепке алуу жана кайтарып берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 94-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-94

---

1. Бюджетке туура эмес төлөнгөн салыктын суммасы - бул төлөөдө төмөнкүдөй каталардын бирине жол берилген сумма:

1) төлөм документинде:

а) салыктын суммасы бюджетке төлөнө турган жашаган жери боюнча салык органынын топтоо эсебинин ордуна башка салык органынын коду көрсөтүлсө;

б) төлөмдүн тексттик багыты төлөмдүн багытынын кодуна жан/же кирешенин бюджеттик классификациясынын кодуна дал келбесе;

2) банк салык төлөөчүнүн төлөм документин туура эмес аткарса;

3) салык төлөөчү салыктык каттоодо жана/же каттоо эсебинде турбаган салык органында төлөм жүргүзүлсө;

4) салык төлөөчү салыктын бул түрү боюнча бюджетке салык төлөөчү болуп саналбаса.

2. Бюджетке туура эмес төлөнгөн салыктын суммасын эсепке алуу жана кайтаруу салык төлөөчүнүн жана/же банктын арызы боюнча жүргүзүлөт.

3. Салык органы арыздын негизинде бюджетке салыктын туура эмес төлөнгөн суммасынын себептери жөнүндө маалымкатты жол-жоболоштурат.

4. Бюджетке салыктын туура эмес төлөнгөн суммасын эсепке алуу жана кайтарып берүү салык төлөөчүнүн же банктын бюджетке салыктын туура эмес төлөнгөн суммасы, салыктын суммасынын туура эмес түшүүсү жөнүндө арызын алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

5. Эгерде салык органы ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн каталардын бири бар экенин ырастаса, чечимдин негизинде салык органы:

1) жаңылыш төлөнгөн сумманы бюджеттик классификациянын тиешелүү төлөм кодуна жана/же салык органынын тиешелүү топтоочу эсебине жана/же Бирдиктүү салык эсебине чегерет;

2) ашыкча төлөнгөн сумманы салык төлөөчүнүн эсебине кайтарып берет.

6. Салык төлөөчүнүн төлөм документи банк тарабынан туура эмес аткарылган учурда, ал ошол эле төлөм документи боюнча бюджетке салык суммасын кайра которууга алып келсе, салык органы чечимдин негизинде банктын арызы боюнча катачылык фактысы ырасталган учурда туура эмес төлөнгөн сумманы кайтарып берет.

7. Бирдиктүү салык эсебине чегерүү жана/же салык төлөөчүнүн эсебине кайтарып берүү салык төлөөчүнүн салыктык карызы жок болгон учурда жүргүзүлөт.

8. Салык органы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн каталардын бар экендигин ырастабаган учурда туура эмес төлөнгөн сумманы эсепке алуудан же кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө негизделген чечимди арыз келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде кабыл алат.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-95)
