# 93-берене. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу жана кайтарып берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 93-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-93

---

1. Ушул Кодекстин 326-329-беренелеринде аныкталган кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) боюнча ашкан сумманы кошпогондо, салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашык төлөнгөн суммасы деп салык төлөөчү бюджетке төлөгөн салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммасы менен бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммасынын ортосундагы оң айырма эсептелет.

2. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашык төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн салык боюнча карызын төлөөнүн эсебине төмөнкүдөй тартипте кириштелет:

1) салыктын бул түрү боюнча пайыздарды, туумду жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине;

2) салыктардын башка түрлөрү боюнча салык калдыгын жоюунун эсебине;

3) салыктардын башка түрлөрү боюнча пайыздарды, туумдарды жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине.

3. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын ушул салык боюнча келерки мезгилдердеги салык милдеттенмелерин аткаруу эсебине, ошондой эле салыктын ушул түрү боюнча пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын эсебине чегерүү салык кызматынын органы тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт.

4. Салык төлөөчүдө ашыкча төлөнгөн салыктык сумма бар болгон жана башка салыктар боюнча аткарылбаган салыктык милдеттенмеси пайда болгон учурда аткарыла элек салык милдеттенмесинин эсебине салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү салык органы тарабынан аткарылбаган салык милдеттенмеси келип чыккан датага карата чегерүү жүргүзүлгөн күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде салык төлөөчүгө кабарлоо менен өз алдынча жүргүзүлөт.

5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар аткарылган учурда салык төлөөчүнүн арызы боюнча салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын ашыкча төлөнгөн суммасы башка салыктар боюнча келечектеги мезгилдердеги салык милдеттенмелерин аткаруунун эсебине чегерилүүгө тийиш же болбосо Бирдиктүү салык эсебине чегерилүүгө тийиш же салык төлөөчүгө кайтарып берилет.

6. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүү салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн учурдагы салыктык эсепке алынган же төлөгөн жери боюнча кайтарып берүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

6-1. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү салык органы тарабынан чегерүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн кийинки 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

7. Салык төлөөчүнүн салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашык төлөгөн суммасы башка салык төлөөчүнүн салык карызын жоюу эсебине эсепке алынууга тийиш эмес.

8. Арызды кароонун натыйжасында салык органы төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

1) ашыкча төлөнгөн салыктын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммасын эсепке алуу же кайтарып берүү жөнүндө;

2) ашыкча төлөнгөн салыктын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммасын эсепке алуудан же кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө.

9. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу же кайтарып берүү жөнүндө арызды салык төлөөчү ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийинки күндөн тартып доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде бериши мүмкүн.

10. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

11. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы Бирдиктүү салык эсебине чегерилүүгө жана/же салык төлөөчүнүн аткарыла элек салык милдеттенмеси жок болгон учурда салык төлөөчүгө анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кайтарып берилүүгө тийиш.

12. Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин салык төлөөчүнүн салыктын, ошондой эле пайыздарын, туумдарын жана салык санкцияларынын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн жеке эсебинен бюджеттин пайдасына алынат.

13. Ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт бузулган учурда кайтарып берүү мөөнөтү бузулган ар бир күн үчүн салык төлөөчүгө бюджеттин каражаттарынын эсебинен 0,09 пайыз өлчөмүндө туумдар төлөнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-94)
