# 92-берене. Кийинкиге жылдыруунун жана бөлүп төлөөнүн колдонулушун токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 92-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-92

---

1. Кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонулушу тиешелүү чечимдин же келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөндө токтотулат же болбосо ушул беренеде каралган учурларда мындай мөөнөт бүткөнгө чейин токтотулушу мүмкүн.

2. Кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонулушу салык төлөөчү салык карызынын бардык эсептелген суммасын жана тиешелүү пайыздарды белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин төлөгөн учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

3. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгуу себеби боюнча бузууларды кошпогондо, кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүүнүн шарттарын салык төлөөчү бузганда салык төлөөчү чечимди алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 күндүн ичинде бузууларды четтетүү жөнүндө чечимди салык органы салык төлөөчүгө жиберет. Эгерде салык төлөөчү бул чечимди аткарбаса жана талашпаса, кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонулушу салык төлөөчү кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн шарттарын бузган күндөн тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулганда салык карызынын калган төлөнбөгөн суммасы кийинкиге жылдырууну жана/же бөлүп төлөөнү берүү жөнүндө чечимде аныкталган, кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонуу мезгили үчүн кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө жөнүндө чечимге ылайык эсептелген пайыздардын суммасына көбөйтүлгөн карыздын суммасы менен салык карызынын жана пайыздардын иш жүзүндө төлөнгөн суммаларынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

5. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим бул чечимди кабыл алган салык органы тарабынан чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүгө жиберилет.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-93)
