# 91-берене. Салык карызынын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруунун же бөлүп төлөөнүн тартиби жана шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 91-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-91

---

1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык карызынын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө ушул беренеде каралган негиздер болгон учурда аны төлөө мөөнөтүн салык төлөөчү салык карызынын суммасын бир жолку төлөө менен (мындан ары - кийинкиге жылдыруу) жана/же салык төлөөчү салык карызынын суммасын этап-этабы менен төлөө (мындан ары - бөлүп төлөө) аркылуу бир айдан 3 жылга чейинки мөөнөткө өзгөртүүнү билдирет.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден товарлардын импортуна КНС боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө салык төлөөчү импорттолуучу товарлардын эсебине кабыл алган күндөн тартып 6 айдан ашпаган мөөнөттө берилиши мүмкүн.

2. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү пайда болгон жана салык төлөөчү тарабынан төмөнкүдөй себептердин биринен улам төгүлбөгөн салык карызынын суммасына карата анын арызы боюнча берилиши мүмкүн:

1) ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында салык төлөөчүгө келтирилген зыяндын;

2) берилген товарлар, аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн бул салык төлөөчүгө бюджеттен каржылоо же алар үчүн акы төлөө кечиктирилген, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин алкактарында;

3) кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө салык милдеттенмесин аткарууга өбөлгө түзгөн учурда салык төлөөчүнүн финансылык же мүлктүк абалы салык карызынын суммасын бир жолку төлөөгө мүмкүндүгүн болтурбаса.

3. Кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө бир же бир нече салыктар боюнча берилиши мүмкүн.

4. Эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн негиздери боюнча берилсе, салык карызынын суммасына анын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнгөн суммасынан Улуттук банктын эки эселенген эсептик ставкасына жараша пайыздар эсептелет. Пайыздар кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө берилген мезгилдеги ар бир күн үчүн эсептелет.

Эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында, 131-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча берилсе, бул салык карызынын суммасына пайыздар эсептелбейт.

5. Салык карызынын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасына туумдар жана салыктык санкциялар эсептелбейт.

6. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө арыз негиздерин көрсөтүү менен салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу же учурдагы салыктык каттосунун жери боюнча салык органына берилет. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, бул арызга ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздердин жана салык карызынын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасын төлөөнүн банктык кепилдиктери жөнүндө документтердин бар экендигин ырастоочу документтер тиркелет.

7. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн арызын алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде салык органы тарабынан кабыл алынат.

Салык төлөөчүнүн арызын кароо мезгилинде салык органдары тарабынан салык карызын мажбурлап өндүрүү чаралары, субъектке карата мындай чаралар көрүлгөн учурларды кошпогондо, токтотулуп турат.

8. Ушул главада белгиленген талаптарды аткарууда салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнү жокко чыгарган жагдайлар болбосо, салык органы ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча салык төлөөчүгө келтирилген зыяндын тийиштүү суммасынын же болбосо ушул салык төлөөчү тарабынан берилген товарлар, аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн бюджеттен кем каржыланган же төлөнбөгөн сумманын чегинде салык төлөөчүгө кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартууга укугу жок.

9. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө чечимде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилген салык, салык карызынын суммасын жана эсептелүүчү пайыздарды төлөө мөөнөтү жана тартиби, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген учурларда салык карызынын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасын төлөөнүн банк кепилдиги жөнүндө документтер көрсөтүлүүгө тийиш.

Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө чечим ушул чечимде аныкталган күндөн тартып күчүнө кирет. Мында салык карызын төлөө үчүн белгиленген күндөн тартып бул чечим күчүнө кирген күнгө чейинки бүткүл мезгил үчүн эсептелген туум жана салыктык санкциялар карыз суммасына кошулат.

10. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим негизделүүгө тийиш.

11. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн учурдагы салыктык эсепке алынган жери боюнча жиберилет.

12. ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүгө байланыштуу салыктык карызды төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.

13. Эгерде мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө тууралуу арыз берилген салык карызына карата соттун өндүрүп алуу жөнүндө чечими жок болсо, төмөнкүлөргө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө банк кепилдигисиз берилиши мүмкүн:

- стратегиялык объекттерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык стратегиялык объекттердин тизмегине киргизилген ата мекендик уюмдарга, 18 айдан ашпаган мөөнөткө;

- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге, ошондой эле 25 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар уюмдарга, 18 айдан ашпаган мөөнөткө.

Банк кепилдиги болгон учурда мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жалпы тартипте берилет. 13-1. Салык төлөөчүнүн жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө келип чыккан КНС боюнча салык милдеттенмесине карата бөлүп төлөө банктын кепилдигисиз эки жылдан ашпаган мөөнөткө арыз боюнча берилиши мүмкүн.

14. Берилген кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө колдонулган мезгилде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилген суммага карата салык карызын мажбурлап өндүрүү чараларын аткаруу токтотулуп турат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-92)
