# 89-берене. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнү жокко чыгаруучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 89-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-89

---

1. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтү, эгерде мындай өзгөртүүгө талапкер болгон салык төлөөчүгө карата ал өзүнүн акча каражаттарын же салык салынууга тийиш болгон башка мүлкүн жашыруу үчүн ушундай өзгөртүүнү пайдаланат дегенге документтик негиздер болсо, же болбосо бул салык төлөөчү туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетүүгө камданса, мындай өзгөртүү болушу мүмкүн эмес.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болсо, салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө мурда кабыл алынган чечим жокко чыгарылууга тийиш.

Чыгарылган чечимди жокко чыгарууда салык органы ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүгө бул чечим чыгарылган күндөн кийинки 3 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-88)  
Кийинки берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-90)
