# 88-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 88-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-88

---

1. Салык милдеттенмесин аткаруунун, ошондой эле салык карызын (мындан ары - салык карызынын суммасы) жоюунун мөөнөтүн өзгөртүү деп салык карызынын суммасын төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн кыйла кийинки мөөнөткө которуу түшүнүлөт.

2. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул главада каралган тартипте гана жол берилет.

Эгерде ушул главада башкача каралбаса, төлөө мөөнөтү салык карызынын төлөнбөгөн суммасына пайыздарды эсептөө менен салык карызынын төлөнүүгө тийиш болгон бардык суммасына карата өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө формасында жүзөгө ашырылат.

4. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү аны төлөө боюнча колдонуудагы милдеттерди жойбойт жана жаңыларын түзбөйт.

5. Ушул Кодекстин 34-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү банктык кепилдик менен гана жүргүзүлөт.

6. Ушул берененин жоболору акциз салыгы боюнча салык карызынын суммасына карата колдонулбайт.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-89)
