# 86-берене. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын мажбурлап өндүрүп алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 86-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-86

---

1. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү ыктыярдуу аткаруу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин салык органы салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү соттук аткаруучуга жөнөтөт.

Мындай учурда салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү аткаруу документи болуп саналат, ал салык карызын мажбурлап өндүрүү жөнүндө акт боюнча берилген аткаруу барагына теңдештирилет жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткарылат.

2. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү, анын ичинде электрондук документ түрүндө алгандан кийин соттук аткаруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык бардык аракеттерди жасайт.

3. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү аткарууну өзгөртүү тартиби жана ыкмасы Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [851-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-851)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-87)
