# 851-берене. Накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 851-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-851

---

Салык төлөөчүнүн банктагы эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда салык органы жазма буйруктун негизинде салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акт боюнча накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алууга укуктуу. Ушул бөлүккө ылайык өндүрүлгөн акча каражаттары өндүрүп алуу күнүнөн кийинки эки жумуш күндөн кечиктирилбестен андан ары бюджетке которуу менен салык төлөөчүнүн эсебине чегерүү үчүн, ал эми салык төлөөчүнүн эсеби жок болсо - бюджетке которуу үчүн банкка берилет. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген Кодекстин 851-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-85)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-86)
