# 85-берене. Салыктык төлөм талабы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 85-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-85

---

1. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын салык төлөөчү ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн учурда салык органы салык төлөөчүнүн банктардагы эсептеринде турган акча каражаттарынын эсебинен мындай карыздын суммасын, ошондой эле электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлорунда жайгаштырылган анын электрондук акча каражаттарын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча СТТ коюу жолу менен өндүрүп алууга укуктуу.

2. СТТ салык органдары тарабынан салык төлөөчүнүн эсептеринин бар же жок экендигин сурабастан Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан бардык банктарга жана электрондук акча жана төлөм тутумунун операторлоруна жиберилет.

3. Салык төлөөчүнүн банктарда же электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторунда эсептери болгон учурда СТТ биринчи кезектеги тартипте банктарга жана электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлоруна СТТ келип түшкөн күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен акча каражаттарын, анын ичинде валюталык каражаттарды салык карызын төлөө эсебине эсептен чыгаруу жолу менен аткарылат.

4. СТТ ал аткарылганга чейин же банктар, электрондук акчалардын жана төлөм тутумдарынын операторлору ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык салык милдеттенмесин токтотуу жөнүндө салык органынын маалыматын алганга чейин кайсынысы мурда пайда болгонуна жараша колдонулат.

5. Жаңы эсептер ачылганда мурда жиберилген СТТ алар ачылган учурдан тартып колдонулат.

6. Банктар жана электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору СТТ койгон салык органдарына анын аткарылгандыгы же эсептин же акча каражаттарынын жоктугуна байланыштуу аткарылбагандыгы, ошондой эле мындай эсептерде болгон сумманын чегинде жарым-жартылай аткарылгандыгы жөнүндө маалыматты 5 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.

7. Банк, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын оператору СТТны алган күнү салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда мындай талап биринчи кезектеги тартипте салык төлөөчүнүн эсептерине акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша ар бир мындай келип түшкөн күндөн кийинки бир жумуш күндөн кеч эмес аткарылат.

8. Калкты электр, жылуулук энергиясы жана/же отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган уюмдардын эсептешүү эсебине СТТ коюлууга тийиш эмес.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн уюмдардын тизмеги, ошондой эле мындай уюмдардын эсептешүү эсептерине СТТ коюуга жол берилбеген мезгил Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-84)  
Кийинки берене: [851-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-851)
