# 84-берене. Салык төлөөчүнүн депозити

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 84-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-84

---

1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда, ошондой эле товарларды ташып келүүдө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда келечекте салык төлөөчүдө келип чыгышы мүмкүн болгон салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткаруу салык милдеттенмесинин өлчөмүндөгү акча каражаттарын салык органынын депозиттик эсебине салык төлөөчү тарабынан салык төлөөчүнүн депозити аркылуу төлөө менен камсыз кылынышы мүмкүн.

2. Товарларды импорттоодо депозит төлөгөн учурларды кошпогондо, депозитти кабыл алган салык органы депозитти төлөгөндүгүн ырастоочу маалымкатты салык төлөөчүгө берет.

3. Салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн депозитин кабыл алган салык кызматынын органынын чечиминде каралган учурларда, шарттарда жана мөөнөттөрдө гана депозиттик эсепте сакталган суммаларды тескөөгө укуктуу.

4. Салык депозитинин суммасына пайыздар эсептелбейт.

5. Депозит аркылуу камсыз кылуунун натыйжасында салык төлөөчүдө салык милдеттенмеси келип чыккан учурлар болсо, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесинин суммасы депозиттин суммасынан бюджетке которулат.

6. Салык төлөөчүдө салык милдеттенмеси келип чыкпаган окуя болгон учурда, ошондой эле салык милдеттенмеси салынган депозиттин суммасынан аз өлчөмдө келип чыккан учурда, төлөнгөн акча каражаты же алардын калдыгы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет же анын каалоосу боюнча алдыдагы мезгилдер үчүн салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу же башка салыктар боюнча милдеттенмелерин аткаруу эсебине эсептелүүгө тийиш.

7. Төлөнгөн суммаларды кайтарып берүү же эсептөө салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген документтерди берүү менен салык органдарына арыз тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып 20 күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

8. Товарларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоодо акча каражаттарын депозиттик эсепке төлөө, аларды пайдалануу жана кайтарып берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-85)
