# 83-берене. Салык төлөөчүнүн банк кепилдиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 83-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-83

---

1. Салык төлөөчүнүн банк кепилдиги болуп салык кызматынын органына салык төлөөчүнүн банктык кепилдигинде көрсөтүлгөн сумманы төлөө боюнча кепилдик берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси саналат.

2. Салык төлөөчүнүн банк кепилдиги салык төлөөчүнүн салык карызынын суммасын төлөө боюнча милдеттенмеси, ошондой эле ушул Кодекстин 91-беренесине ылайык салык төлөөчүгө салык карызынын суммасын төлөөнү кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилгенде, келечектеги салык мезгилинде салык төлөөчүдө келип чыгышы мүмкүн болгон салык карызынын суммаларын камсыз кылат.

3. Салык төлөөчүнүн банк кепилдигинин суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

1) ушул Кодекстин 91-беренесине ылайык салык карызынын суммасын төлөө боюнча кийинкиге калтырууга же бөлүп төлөөгө байланыштуу салык төлөөчүнүн банк кепилдиги берилген учурда салык төлөөчүнүн салык карызынын суммасында;

2) ушул Кодекстин 91-беренесине ылайык салык карызынын суммасын төлөө боюнча кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө салык төлөөчүнүн арызында көрсөтүлгөн суммада.

4. Салык төлөөчүгө банк кепилдигин берген кепилге банк кепилдигинде көрсөтүлгөн сумманы төлөө жөнүндө талап салык органы тарабынан ушул Кодекстин 92-беренесинде каралган учурларда кийинкиге мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурдан тартып коюлат.";

5. Салык төлөөчүнүн банк кепилдиги боюнча акчалай суммасын төлөө боюнча кепилге салык кызматынын органынын талабы салык төлөөчүнүн жеке эсебинен көчүрмөнү тиркөө менен берилет.

6. Салык төлөөчүнүн банк кепилдиги кепил тарабынан кайра чакыртып алынышы мүмкүн эмес.

7. Салык кызматынын органы, салык төлөөчү жана кепилдин ортосундагы салык төлөөчүнүн банк кепилдигине тиешеси бар бардык маселелер боюнча мамилелери ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жөнгө салынат.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-84)
