# 81-берене. Салык карызын өндүрүү чаралары жана салык карызын аткарууну камсыз кылуу ыкмалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 81-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-81

---

1. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар (мындан ары - салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы) төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда салык органы ушул главага ылайык салык карызын талашсыз тартипте өндүрүүгө жана өндүрүлгөн каражаттарды мындай карыздын суммасын төлөө эсебине жөнөтүүгө укуктуу.

Салык карызын өндүрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы болгон учурда салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү (мындан ары - салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү) жөнөтүү жолу менен салык төлөөчүгө 30 календардык күндүн ичинде салык милдеттенмесин ыктыярдуу тартипте аткаруу сунушталат.

(Абзац КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул Кодексте каралган учурларда салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү аткаруу документи болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткарылат.

4. Салык милдеттенмеси ыктыярдуу тартипте аткарылбаган учурда салык органы салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын мажбурлоо тартибинде өндүрөт.

5. Салык карызын өндүрүү чараларына төмөнкүлөр кирет:

1) банкка жана электрондук акчалардын жана төлөм тутумдарынын операторуна салык төлөмүнүн талаптарын (мындан ары - СТТ) коюу;

2) салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын салык төлөөчүгө карата салык постун орнотуу жолу менен накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү;

3) Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткаруу документи катары салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү аткаруу;

4) салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен өндүрүү.

Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында каралган чаралар аларды колдонууга негиздер болгон учурда колдонулат. Мындай негиздер жок болгон учурда салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүгө белги коюлат.

6. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн:

1) туумдарды эсептөө;

2) банк кепилдигин берүү;

3) салык төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуусу - салык төлөөчүнүн депозити.

7. ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө пайда болгон салык милдеттенмесин аткарууну жана салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын жоюуну камсыз кылуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.

8. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын өндүрүү чаралары жана/же салык карызын камсыз кылуу ыкмалары, мындай кезектүүлүк ушул главада түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, кезектүүлүктү сактабастан колдонулат.

9. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү кагаз жүзүндө же электрондук түрдө таризделиши мүмкүн.

Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнүн формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-82)
