# 80-берене. Салык милдеттенмеси боюнча үмүтсүз карыздарды эсептен чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 80-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-80

---

1. Ушул Кодекстин 79-беренесинин 2-5 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда салык төлөөчүнүн салык карызы үмүтсүз карыз деп таанылат жана Министрлер Кабинети белгилеген тартипте өздүк эсептен салык органы тарабынан эсептен чыгарылат.

2. Доонун эскиришинин ичинде салык карызын өндүрүү боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурларда салык органы доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

Мындай учурларда салык карызы доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө сот актысы күчүнө кирген учурдан тартып үмүтсүз карыз деп таанылат жана ушул беренеге ылайык эсептен чыгарылууга тийиш. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-81)
