# 77-берене. Дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 77-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-77

---

1. Дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз жеке жактын салык милдеттенмеси анын камкорчусу, көзөмөлчүсү же мүлктү ишенимдүү башкарууну жүргүзгөн башкаруучу тарабынан сот жеке жакты дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган күндөн кийинки күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен жеке жактын мүлкүнүн эсебинен аткарылат.

2. Сот жеке жакты дайынсыз жоголду же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн кийин 10 жумушчу күндүн ичинде сот өз чечиминин көчүрмөсүн жиберүү аркылуу аталган жеке жак катталган жердеги салык органына билдирүүгө милдеттүү.

3. Дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке жак каттоодо турган жердеги салык органы камкорчуга, көзөмөлчүгө же мүлктү ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган башкаруучуга, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча органга дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке жактын аткарылбай калган салык милдеттенмесинин бар экендиги жөнүндө кабар берүүгө милдеттүү.

Жеке адамдын ушул бөлүктө көрсөтүлгөн аткарылбаган салык милдеттенмеси бар экени жөнүндө чечим жеке адамды дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө маалыматтарды алган күндөн кийинки 5 күндүн ичинде берилет.

4. Дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке жактын салык карызы анын салык милдеттенмесин аткаруу үчүн ошол жеке жактын мүлкү болбогон же жетишсиз болгон учурда үмүтсүз карыз деп таанылат.

( 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-78)
