# 76-берене. Өлгөн же өлдү деп жарыяланган жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 76-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-76

---

1. Жеке жак өлгөн же сот тарабынан өлдү деп жарыяланган учурда нотариус, жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча орган, сот мурас ачылган күндөн тартып 6 айдын ичинде мурас ачылган жердеги салык кызматынын органына кабарлоого милдеттүү.

2. Мурас ачылгандыгы жөнүндө кабарлоо алынган күндөн кийинки күндөн тартып 5 күндүн ичинде салык органы өлгөн жеке жактын салык карызынын бар экендиги тууралуу мурас ачылган жердеги нотариуска жана мураскорго билдирүүгө милдеттүү.

3. Салык органы өлгөн жеке жактын салык карыздарынан келип чыгуучу өз талаптарын мурастын аткаруучусуна (мурасты башкаруучуга) же мураскорлорго коюуга укуктуу.

4. Өлгөн жеке жактын салык милдеттенмеси өлгөн адамдан мүлктү мураска алган мураскор тарабынан мураска алынган мүлктүн наркынын чектеринде жана мурастаган үлүшкө пропорциялуу түрдө мурасты алган күндөн кийинки күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен аткарылат.

5. Мында укук улантуучуда салыктык укук бузууларды жасагандыгы үчүн өлгөн жеке жакка мурда эсептелген салык санкцияларын төлөө милдеттенмеси мураскордун аткаруусу боюнча укук улантуучулук келип чыкпайт.

6. Мураскор жок болсо же мураскор мурасты кабыл алуудан баш тартса, ошондой эле өлгөн жеке жактын салык карызынын өлчөмү мураска калуучу мүлктүн наркынан жогору болсо, салык карызынын төлөнбөгөн суммасы үмүтсүз карыз деп таанылат.

7. Сот тарабынан өлдү деп жарыяланган жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу өлгөн жеке жак үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

( 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-77)
