# 75-берене. Банкрот деп таанылган же жарыяланган төлөөгө кудуретсиз уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 75-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-75

---

1. Банкрот деп таанылган же жарыяланган төлөөгө кудуретсиз уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Салык милдеттенмесин эсептөө төлөөгө кудуретсиз уюмду банкрот деп таануу же жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

3. Банкроттук жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн алкагында банкроттук жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки мезгил үчүн эсептелген салык милдеттенмеси банкроттук жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аткарылууга тийиш.

4. Жоюу жол-жоболорун колдонуу менен банкроттук процессинде турган төлөөгө кудуретсиз уюмда бул жол-жоболорду жүзөгө ашыруу процессинде салык милдеттенмеси келип чыкпайт.

5. Эгерде төлөөгө кудуретсиз уюм санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорун колдонуу менен банкроттук процессинде турса, салык органынын салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча бардык иштери токтотулат.

Мында бул уюмга карата ар кандай мүлктүк талаптар салык органы тарабынан санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорунун чектеринде гана коюлушу мүмкүн.

6. Санациялоо же болбосо реабилитациялоо жол-жоболору башталганга чейин төлөөгө кудуретсиз уюмда түзүлгөн салык карызы уюмдун жогоруда көрсөтүлгөн банкроттук жол-жоболору аяктагандан жана анын төлөө кудуреттүүлүгү калыбына келтирилгенден кийин гана төлөнүүгө тийиш.

7. Эгерде ушул главада башкасы каралбаса, банкрот деп таанылган же жарыяланган жеке ишкердин салык милдеттенмесин, ошондой эле салык карызын аткаруу уюмдар үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

8. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-76)
