# 74-берене. Жоюлуп жаткан төлөөгө кудуреттүү уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмесин аткаруусу жана салык карызын жоюусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 74-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-74

---

1. Жоюлуп жаткан төлөөгө кудуреттүү уюмдун салык милдеттенмеси ушул уюмдун, анын ичинде уюмдун мүлкүн сатуудан түшкөн акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген кезектүүлүк тартибинде жоюу комиссиясы же жоюучу тарабынан аткарылат.

2. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, жоюу мезгилинде келип чыккан салык милдеттенмеси ушул Кодексте белгиленген жалпы тартипте мындай милдеттенменин келип чыгышына жараша жоюу комиссиясы же жоюучу тарабынан аткарылат.

3. Эгерде жоюлуп жаткан уюмдун акча каражаттары болбосо же салык карызын толук көлөмдө төлөө үчүн жетишсиз санда болсо, мындай учурда:

1) уюм Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн. Мындай учурда салык органы бул уюмдун банкроттук процессин демилгелей алат;

2) салык карызы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда, чектерде жана тартипте аталган уюмдун уюштуруучулары (катышуучулары) тарабынан жоюлууга тийиш.

4. Эгерде жоюлуп жаткан уюмдун салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн суммасы болсо, аталган сумма ушул Кодексте белгиленген тартипте жоюлуп жаткан уюмдун салыктык карызын аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.

5. Жоюлуп жаткан уюмдун салык карызы болбосо, салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасы ушул Кодексте белгиленген тартипте ошол уюмга кайтарылып берилүүгө тийиш.

6. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, төлөөгө кудуреттүү жеке ишкерди жоюуда анын салык милдеттенмесин, ошондой эле салык карызын аткаруу уюмдар үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-75)
