# 73-берене. Уюмду кайра уюштурууда салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 73-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-73

---

1. Кайра уюштурууда салык төлөөчү бул жөнүндө салык органына жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Кайра уюштурулган уюм салык милдеттенмесин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган фактылар жана/же жагдайлар укук улантуучуга белгилүү болгондугуна же болбогондугуна карабастан кайра уюштурулган уюмдун салык милдеттенмеси укук улантуучу тарабынан аткарылат.

3. Бир нече уюм кошулганда салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө алардын укук улантуучу деп мындай кошулуунун натыйжасында пайда болгон уюм таанылат.

4. Бир уюм экинчи уюмга кошулганда салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө бириккен уюмдун укук улантуучусу деп кошуп алган уюм таанылат.

5. Уюм бөлүнгөн учурда мындай бөлүнүүнүн натыйжасында пайда болгон жаңы уюмдар бөлүштүрүү балансына ылайык, салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө өзгөртүп түзүлгөн уюмдун укук улантуучусу болуп таанылат.

6. Уюмдун курамынан бир же бир нече уюм бөлүнгөндө анын салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө өзгөртүп түзүлгөн уюмга карата, эгерде өткөрүү актысында башкача белгиленбесе, укук улантуу пайда болбойт.

7. Уюмду өзгөртүп түзүүдө жаңыдан пайда болгон уюм укук улантуучу болуп таанылат.

8. Өзгөртүп түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмесин аткарууда укук улантуучулардын катышуу үлүштөрүн белгилөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

9. Эгерде өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында укук улантуучунун катышуу үлүшүн аныктоого мүмкүн болбосо же анын салык милдеттенмесин толук көлөмдө аткарууга мүмкүн болбосо, анда укук улантуучулар өзгөртүп түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу боюнча бирдей жоопкерчилик тартат.

10. Уюмду өзгөртүп түзүү укук улантуучулар тарабынан салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөттөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.

11. Уюм тарабынан ал өзгөртүп түзүлгөнгө чейин ашыкча төлөнгөн салыктардын суммасын салык органы өзгөртүп түзүлүп жаткан уюмдун салык карызын жоюу эсебине кириштөөгө тийиш.

12. Өзгөртүп түзүлүп жаткан уюмдун салык карызы болбосо, салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасы ушул Кодексте белгиленген тартипте анын укук улантуучуларына кайтарылып берилүүгө же алар үчүн салык милдеттенмесин аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-74)
