# 70-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу датасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 70-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-70

---

1. Салык милдеттенмесин аткаруу датасы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эгерде акча каражаты бюджетке түшсɵ, ушул төлөм тапшырмасын толук көлөмдө аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражаттар болгондо салыктын эсептелген суммасын которууга банкка төлөм тапшырмасы берилген күн;

2) эгерде акча каражаты бюджетке түшсɵ, ушул төлөм тапшырмасын толук көлөмүндө аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражатынын жоктугунун себеби боюнча мурда аткарылбаган салыктын эсептелген суммасын которууга төлөм тапшырмасын банк аткарган күн;

3) банкка салыктын эсептелген суммасын которуу үчүн накталай акча каражаттарын төлөгөн күн;

4) төлөм терминалы, POS-терминалы, электрондук акча, аралыктан же алыстан банктык тейлөө тутуму жана башка түзүлүштөр аркылуу төлөм жүргүзүүнү жүзөгө ашырган күн;

5) салык органы тарабынан салыктардын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн суммаларын салык органы салык карызын жабуу жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин аткаруу эсебине чегерүү жөнүндө, ошондой эле салыктын туура эмес төлөнгөн суммасын чегерүү же кайтарып берүү тууралуу чечим кабыл алынган күн;

6) салык органы тарабынан КНС ашыкча төлөнгөн суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күн;

7) салык органы тарабынан салык органынын депозиттик эсебинен салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелерин аткаруу эсебине акча каражаттарын которуу жөнүндө чечим кабыл алынган күн;

8) салыктык укук бузуу фактысы боюнча кылмыш иши үчүн салык карызынын суммасы укук коргоо органдарынын депозиттик эсебине төлөнгөн күн;

9) салыктар бирдиктүү салык төлөмү менен Бирдиктүү салык эсеби аркылуу төлөнгөн күн;

2. Салык милдеттенмеси төмөнкүдөй учурда мөөнөтүндө аткарылган деп таанылбайт:

1) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, эгерде акча каражаттары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө бюджетке түшпөсө;

2) салык төлөөчү салыктын суммасын которууга төлөм тапшырмасын кайра чакыртып алса;

3) салыктын суммасын которууга төлөм тапшырмасын банк салык төлөөчүгө кайтарып берсе;

4) эгерде салык төлөөчү банкка салыктын суммасын которууга төлөм каражатын көрсөткөн күнү бул салык төлөөчүгө коюлган жана аткарылбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кезексиз, же болбосо биринчи кезектеги тартипте аткарылуучу башка акчалай талаптар болсо жана салык төлөөчүнүн эсебинде мындай бардык акчалай талаптарды канааттандыруу үчүн жетиштүү акча каражаттары болбосо.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-71)
