# 69-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 69-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-69

---

1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай түрдɵ аткарылышы керек.

2. Салык милдеттенмесин аткаруу салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда башка үчүнчү жак тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Салыктын бардык эсептелген суммасын төлөө эсебине накталай эмес формада, анын ичинде санариптик сом менен төлөө салык милдеттенмесин аткаруу болуп саналат.

4. Салык төлөөчү салыктын бүткүл суммасын дароо же бөлүп төлөө менен салык милдеттенмесин аткарууга укуктуу.

5. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.

6. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруудан баш тартууга же аны аткаруу тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт.

7. Салык милдеттенмесин аткаруу салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартууга карабастан жүзөгө ашырылат.

8. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин Бирдиктүү салык эсеби аркылуу аткарууну тандап алууга укуктуу.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-70)
