# 68-берене. Салык милдеттенмеси, салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы жана КНС ашыкча суммасы боюнча доонун эскирүү мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 68-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-68

---

1. Салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү төмөнкүдөй күндөн кийинки күндөн тартып 6 жыл деп белгиленет:

1) салык милдеттенмесине карата ушул Кодексте белгиленген салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнүнɵн;

2) салык карызынын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасы төлөнбөгөн учурда кийинкиге жылдыруунун же бөлүп төлөөнүн колдонулушу токтогон күндɵн;

3) салыктык текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында келип чыккан салык милдеттенмеси боюнча салык төлөөчүгө чечим тапшырылган күндɵн;

4) ашыкча төлөнгөн салыктын суммасы жана/же КНС ашыкча төлөнгөн суммасы пайда болгон күндɵн.

2. Патенттин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчүнүн салык милдеттенмеси боюнча эскирүү мөөнөтү 3 жыл деп белгиленет.

2-1. Ушул Кодекске ылайык эсептелген туумдар жана салык санкциясы боюнча доонун эскирүү мөөнөтү төлөбөгөндүгү үчүн бул туумдар эсептелген жана салык санкциясы колдонулган өнбөгөн калдык боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнө теңдештирилет.

3. Эгерде салык төлөөчү салык милдеттенмесин туура эмес эсептесе же аткарса, анда доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде:

1) салык төлөөчү өз демилгеси боюнча тиешелүү оңдоо киргизүүгө укуктуу, буга ушул оңдоонун маңызы боюнча салык кызматынын органдарынын же соттун чечимдери чыгарылган жана бул чечимдер жокко чыгарылбаган жана/же жараксыз деп таанылбаган учурлар кирбейт;

2) салык кызматынын органы салыктардын эсептелген суммасын көбөйтүүгө же азайтууга, ошондой эле салыктын эсептелген суммасын өндүрүп алууга укуктуу.

4. Салык төлөөчү салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алууну же кайтарууну жана/же доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде КНС ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүүнү/ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

5. Санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорун жүргүзүү мезгилинде салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү үзгүлтүккө учурайт.

6. Салык милдеттенмелери боюнча доонун эскирүү мөөнөтүн үзгүлтүккө учуратуу, анын ичинде салык милдеттенмесин эсептөө жөнүндө салык кызматынын органдарынын чечимине салык төлөөчү доо арыз бергенде, ошондой эле салык кызматынын органы салык карызын мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө доо арыз берген учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-69)
