# 67-берене. Салык милдеттенмесин аткаруунун валютасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 67-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-67

---

1. Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери болбогон чет өлкөлүк уюмдун салык милдеттенмелерин кошпогондо, салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом менен аткарылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюм салык милдеттенмесин чет өлкөлүк валютада аткарууга укуктуу. Салык милдеттенмесин аткаруунун эсебине алынган чет өлкөлүк валюталардын эсепке алуу тартиби жана тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Салык милдеттенмесин эсептөөдө салык милдеттенмесинин суммасын сом бирдиктерине чейин тегеректөөгө жол берилет.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-68)
